Нарында өтүп жаткан эл аралык инвестициялык форумда Польшадан келген Honker компаниясынын өкүлдөрү Кочкор районуна машина заводун курууну сунуштады. Аталган компаниянын өкүлү Збигнев Сверчиньски учурда бул боюнча жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты:
- Honker Польшадагы унаа чыгарган менчик компания. Биз тез жардам, өрт өчүргүч, айыл чарба унааларын чыгарабыз. Бул жактан машине чыгарып, же кураш керек. Бирок азыр кыргыз өкмөтү менен чыгарылган продукцияны сатуу жагын ойлонуп жатабыз. Азыр продукция өндүргөн оңой, сатуу кыйында...
Мындай сунуш бүгүнкү форумда сөз болгон долбоорлордун эң кызыгы болду. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да кызыгууда.
Жергиликтүү бийлик уюштурган мындай инвест-форум Нарында быйыл 3-жолу өтүп жатат. Мурдагылардан айырмаланып, быйыл ага чет элдик ишкерлер да чакырылган. (TSh/SM)