Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Бажы кызматы Алайдагы жол тосуунун чыгымын эсептөөдө


Жол тосулган жерде турган уналар, 29-май, 2014
Жол тосулган жерде турган уналар, 29-май, 2014
Жогорку Кеңештин камактагы депутаты Акматбек Келдибековдун тарапкерлери жол тоскон жерде учурда 139 жүк ташуучу машине токтоп турганын Бажы кызматынан билдиришти. Андан орто эсеп менен бажы төлөмдөрү 60 миллион сомго аз топтолуп жатат. Эгерде жол ачылбаса айдын аягына чейин чыгым 180 миллион сомго жетиши мүмкүн.

Акматбек Келдибековдун тарапкерлери Ош - Эркеч-Там жолун Алайдын Сопу-Коргон айылынын тушунан 27-майдан бери бууп турат. Алар депутатты үй камагына чыгарууну талап кылышууда. Бул жол Кыргызстандын түштүгүн Кытай менен байланыштырган эл аралык маанидеги жол. (BkA)

XS
SM
MD
LG