Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош облустук милициясынын башчысы Сүйүн Өмүрзаков билдирди. Анын айтымында, Ош - Эркеч-Там жолундагы 3-июндагы окуя боюнча тергөө жүрүп, тиешелүү маалыматтар топтолууда:
- Окуяга тиешелүүлөрдүн бардыгын каттоого алып, учурда тиешелүү иштер жүрүп жатат. Аталган адамдар тууралуу, минип жүргөн аттары, белгилери тууралуу маалыматтар бизге белгилүү. Учурда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгына карата биз чечим чыгарабыз. Эгер биздин талапка көнбөсө мыйзамдын чегинде чара көрөбүз, - деди Өмүрзаков.
Алайдын Сопу-Коргон айылынын тушунан Ош - Эркеч-Там жолун бууп турган камактагы депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлеринен чыккан топ 3-июнда ал жакка барган милиция кызматкери Алмазбек Маматовду ур-токмокко алган. Учурда Маматов ооруканада.
Ал эми жол тоскондор бийлик өкүлдөрү кысым көрсөткөндүктөн коопсуздугун сактоо үчүн бети-башын кара чүмбөт менен жабууга аргасыз болгонун, бирок эч ким милицияга кол көтөрбөгөнүн билдирүүдө.(BkA)