Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:53

Орусия: Украинадан «миңдеген» качкындар келүүдө


Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев Украинадан качкындар агылып келип жатканын ырастады. Бүгүнкү өкмөт жыйында Медведев Ростов жана башка аймактарга көбүнчө «жаш балдар жана аларды коштогондор» агылып жаткандыгын билдирди. Премьердин айтымында, качкындардын саны күнүгө үч миңге жетүүдө.

Албетте, алардын баары эле качкын макамын сураган жок. Мындай макам сурагандардын саны аз эле, 4 миңдей кишиге жетти.

Украин бийликтери Москваны өлкөнүн чыгышындагы гуманитардык кырдаалды ашыкча кара боек менен сүрөттөп жаткандыгын айтууда.

XS
SM
MD
LG