Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:30

Нарынды өнүктүрүү боюнча форум бүгүн жыйынтыкталат


“Нарын - Улуу Жибек жолундагы трансулуттук экономикалык түйүн” деген аталыштагы инвест-форум бүгүн жыйынтыкталат. Ага жергиликтүү ишкерлер, фирмалар, туроператорлор, Экономика министрлигинин кызматкерлери, Туризм департаментинин өкүлдөрү жана Кытай менен Орусия мамлекетинен ишкерлер катышып жатат.

5-июнда башталган форум аймактын экономикасын өнүктүрүү үчүн инвестиция тартуу, жаңы чакан ишканаларды ачуу, калкты жумуш менен камсыз кылуу сыяктуу максатты көздөйт. Эки күн бою түрдүү бизнес идеялар талкууланып, ишкерлерге сунушталат.

Форум жергиликтүү бийлик тарабынан үчүнчү жолу өткөрүлүп жатат.

XS
SM
MD
LG