Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:53

Жээнбеков кызматтан кетишин саясий себепке байланыштырат


Бабырбек Жээнбеков “Азаттыкка” курган маегинде өзүнүн кызматтан кетишин саясий себептерге, анын ичинде уулу Равшан Жээнбековдун оппозицияда жүргөнүнө байланыштырды:

- Буга чейин бир канча жолу жогору жактан “уулуңдун оозун тый, президентти сындаганды токтотсун” деп кайрылышкан. Равшандын өз көз карашы бар. Ошондуктан уулума “тигиндей бол, мындай бол” деп айткан жокмун.

Андан сырткары Жээнбеков электр энергиясына бааны көтөрүү боюнча жана “Манас” аба майданына байланыштуу талаш маселелерде бийликти сындаганы жумуштан кетишине негиз болгонун айтат.

Өкмөткө караштуу Монополияга каршы күрөшүү мамлекеттик агенттиктин директору болуп иштеп келген Бабырбек Жээнбековду жумуштан алуу боюнча буйрукка өкмөт башчы 5-июнда кол койгон. Бул учурда Жээнбеков ден соолугуна байланыштуу убактылуу жумушка чыкпай жаткан эле. (SE)

XS
SM
MD
LG