Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:44

Нарында кырылган малдын саны 700гө жакындады


Ушул айдын башында Ак-Талаа районунда кар аралаш жааган жаандын кесепетинен жайлоолордо кырылган малдын саны көбөйүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, 6-июнга карата райондо чыгымга учураган койдун саны 675 башка жетти. Мындан сырткары 4 баш жылкы, 5 беш баш уй өлдү. Ветеринарлар жайлоого чыгаар алдында жүнү кыркылган майда мал катуу жаанга туруштук бере албай калганын айтууда.

5-июнда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев журналисттерге маалымат берип жатып, малдын кырылышына айрым аймактарда өз убагында эмдөө жүргүзүлбөй калганы себеп болгонун айтып, тиешелүү жетекчилерге чара көрүлөөрүн эскерткен.

Буга чейин Токтогулда жана Нарында кара өпкө ылаңынан 350дөн ашык кой өлгөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG