Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Алайдагы тосулган жолду ачтыруу аракеттеринен майнап чыга элек


Алайдагы жол тосуу, 2-июнь, 2014.
Алайдагы жол тосуу, 2-июнь, 2014.
Алайдын Сопу-Коргон айылынын тушундагы жол буулган жерде азыр 500 чакты адам турганын "Азаттыкка" акциядагы активисттердин бири Адалат Мейрачова билдирди. Анын айтымында, бийликтин аракети менен соңку күндөрү жолду ачтыруу үчүн ортого түшкөндөр көп болуп жатат. Кечээ да Оштун ар кайсы райондорунан чогулган аксакалдар арачы болуп келген. Бирок жол тоскондор аксакалдарды сый менен узатып койгон. Жол тоскондор талабы аткарылмайын артка кайтпасын айтууда.

Ош облустук милициясынан болсо жол тоскондор менен сүйлөшүү аракеттери бүгүн да уланаарын "Азаттыкка" билдиришти.

Эки күн мурда камактагы депутат Акматбек Келдибеков өзү да жол тосуп турган тарапкерлерине кайрылуу жолдоп, кан жолду ачып коюуну суранган. Бирок тарапкерлери анын бул өтүнүчүн кабыл алган жок.

Депутаттын Алайдагы тарапкерлери аны үй камагына чыгаруу талабы менен 27-майдан бери Ош - Эркеч-Там жолун бууп турат.

Мамлекеттик бажы кызматы болсо учурда 139 жүк ташуучу машине тосулган жолдон өтө албай турганын, мындан бажы төлөмдөрү орто эсеп менен 60 миллион сомго аз топтолуп жатканын билдирди. (SM)

XS
SM
MD
LG