Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Кыргызстандын тышкы карызы 3 миллиард доллардан ашты


Кыргызстан тыштан алган насыянын бир бөлүгүн жолдорду курууга жумшаган.
Кыргызстан тыштан алган насыянын бир бөлүгүн жолдорду курууга жумшаган.
Каржы министрлигинин маалыматына караганда, ушул жылдын 31-майына карата Кыргызстандын тышкы карызы 3 млрд. 241 млн. долларга жетти же ал өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн 44,4 пайызын түзөт. Тышкы карыз акыркы 4 жылда 626 млн. долларга көбөйгөн. Ошондой эле, тышкы карыздарын тейлөө багытында 2012-жылы 72 млн. доллар, 2013-жылы 76 млн. доллар, 2014-жылдын алгачкы 4 айында 35 млн. доллар жумшалган.

Кыргызстандын тышкы карызына байланышкан маселе Жогорку Кеңеште да козголуп, депутаттар алынган насыялар кандай колдонулуп жатканына кызыкканын парламенттин маалымат кызматы кабарлады. Анда айтылгандай, Кыргызстандын негизги насыячыларына төмөнкү өлкөлөр жана эл аралык уюмдар кирет: Кытай – 819,6 млн. доллар, Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы – 701,7 млн. доллар, Азия өнүктүрүү банкы – 611,7 млн. доллар, Эл аралык валюта фонду – 198,8 млн. доллар.

Насыяларды бөлө келгенде энергетика тармагына 1193,7 млн. доллар, жол тармагына 1459,6 млн. доллар өлчөмүндө каражат берилген. Ал эми тышкы карыздарды төлөөнүн кыйла кыйчалыш мезгили 2018-2015-жылдарга туура келет. Бул жылдары Кыргызстан насыялардын негизги бөлүгүн төлөй баштайт, ал орто эсеп менен жылына 200 млн. долларды түзөт. (SM)

XS
SM
MD
LG