Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:59

Cотто өз өмүрүнө кол салган адам камакка алынды


5-июнда сот залында өзүнө кол салган кылмышка шектүү Үсөн Сакатаевге тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн соң Бишкектеги №1 тергөө абагына кайрадан камакка алынды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жаза аткаруу кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Сакатаев сот залынан устара менен мойнун тилүүгө аракет кылган соң Улуттук госпиталдан алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн. Анын жарааты өмүрү үчүн коркунучтуу эмес экени белгилүү болгон.

Былтыр 25-апрелде Бишкектин четиндеги Мурас-Ордо жаңы конушунда 29 жаштагы Үсөн Сакатаев аттуу жаран мас абалында өзүнүн 3 жаштагы кызын сабап, зордуктаган деген шек менен кармалган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталган. Бейшембиде Бишкектин Биринчи май райсоту ал ишти карап жатканда айыпталуучу устара менен мойнун тилип салган.(BkA)

XS
SM
MD
LG