Жогорку Кеңештеги «Ата-Журт» фракциясы өлкө түштүгүндөгү газ берүү маселесин өз убагында чече албаганы үчүн өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алды. Бул тууралуу аталган фракциядан кабарлашты. Фракция мүчөлөрү өкмөт былтыр декабрь айында Өзбекстан менен газ боюнча келишим түзүүдө бир катар мүчүлүштүктөргө жол бергенин белгилешкен.
Орусиянын "Газпром" компаниясынын курамына кирип жаткан "Кыргызгаз" ишканасынын директору Тургунбек Кулмурзаев жыйында газ боюнча өзбек тарап сөзгө келбей жатканын кайталап, бул маселени чечүүдө Жогорку Кеңешти көмөктөшүүгө чакырды.(BkA)