Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:43

Украин армиясы орусиячыл 12 жикчилди жок кылды


Донецкидеги украин аскерлери, 5-июнь, 2014.
Донецкидеги украин аскерлери, 5-июнь, 2014.
Украинанын чыгышындагы салгылашууда орусиячыл 12 жикчил жок кылынды. Жикчилдер 5-июнда шам ченде Донецк шаарынын 95 чакырымдай чыгыштагы Мариновка шаарынын жанындагы салгылашууда жок кылынганын Украинанын чек ара кызматы 6-июнда билдирди. Козголоңчуларга таандык бир нече жүк ташуучу машине да иштен чыгарылган.

Урушта Украин армиясынын беш жоокери жараат алган. Салгылашууларга байланыштуу Украин өкмөтү Орусия менен чек арадагы бир нече өтмөк жайды жабууну буйруду жана жикчил-согушкерлер Орусия тараптан кирип жатканын маалымдады. Чек ара бекеттерин жабууну Орусиянын тышкы иштер министрлиги “өзүм билемдик” деп сындады.

XS
SM
MD
LG