Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:13

Прокуратура соттон Алайдагы акцияга тыюу салууну суранды


Алайдагы жол тосуу, 2-июнь, 2014
Алайдагы жол тосуу, 2-июнь, 2014
Ош - Эркеч-Там жолун бууп турган камактагы депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлери укук коргоо кызматкерлерине зомбулук көрсөткөнү үчүн Алай райондук прокуратурасы бул акцияга тыюу салуу өтүнүчү менен райондук сотко кайрылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. Райондук сот учурда прокуратуранын өтүнүчүн карап жатат.

Прокуратуранын маалыматына караганда, Алай райондук соту буга чейин эле Келдибековдун тарапкерлерине нааразылык акцияны башка жайда өткөрүү тууралуу чечим чыгарган. Бирок соттун бул чечими азыркы күнгө чейин аткарылган жок.

Алайдын Сопу-Коргон айылынын тушунан Ош - Эркеч-Там жолун бууп турган камактагы депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлеринен чыккан топ 3-июнда ал жакка барган милиция кызматкери Алмазбек Маматовду ур-токмокко алган. Учурда Маматов ооруканада. Бул боюнча кылмыш иши козголгон. (BkA)

XS
SM
MD
LG