Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:16

Франция: Экинчи фронттун ачылышынын 70 жылдыгы белгиленүүдө


Франция -- Нормандиядагы салтанат, 6-июнь, 2014
Франция -- Нормандиядагы салтанат, 6-июнь, 2014
Франциянын түндүк батышындагы Нормандияда Экинчи дүйнөлүк согуштун экинчи фронту ачылган күндүн 70 жылдыгы белгиленүүдө. Франциянын президенти Франсуа Олланд салтанатты урушта өлгөн 20 миң нормандиялыкты эскерип, гүл чамбар койуу менен ачты.

1944-жылы 6-июнда, таңкы саат алты жарымда АКШнын 29-мотоаткычтар дивизиясынын жоокерлери Нормандиянын Омаха жээгине кеме менен келип түшкөн. Маанилүү салтанатка ошондой эле АКШ, Германия, Британия, Канаданын лидерлери жана Орусия президенти катышууда. Президент Барак Обама салтанатта сүйлөп, Нормандияга союздаштардын 150 миң аскеринин түшүрүлүшү фашисттик Германияга каршы “согуштун нугун өзгөрткөндөн башка да адамзаттын тарыхын өзгөрттү” деди.

XS
SM
MD
LG