Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:36

Премьер Кара-Кечедеги абал менен таанышууда


Кара-Кече көмүр кени
Кара-Кече көмүр кени
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Жумгалдагы Кара-Кече көмүр кениндеги абал менен таанышып жүргөнүн өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Оторбаев кендеги көмүр казууну иретке келтирүү тапшырмасын берди. Өкмөт башчыны коштоп жүргөн энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевдин айтымында, быйыл кенден казылган көмүрдүн көлөмү көбөйтүлүп, таразалар алмаштырылганы жатат. Ошону менен катар толугу менен видео көзөмөл орнотуу пландалууда.

Кара-Кече Кыргызстандагы эң ири көмүр кендеринин бири. Буга чейин ал кендеги көмүр казып алуу чырлуу окуялар менен коштолуп, айрым карьерлеринде иш токтоп калган. Ички иштер министрлиги бул кендеги көмүр казып алууга айрым кылмыш топтору да аралышып жатканын билдирген болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG