Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:07

“Ата Мекен” Кумтөрдүн тоо кен планын бекитпөөнү сунуштады


Кумтөр алтын кениндеги жумуш, 14-март, 2013
Кумтөр алтын кениндеги жумуш, 14-март, 2013
Мындай чечимди Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы бүгүнкү жыйынында кабыл алды. Фракция тараткан маалыматка караганда, кенди иштетип жаткан “Кумтөр Голд” компаниясы экологиялык талаптарды сактабай, Кыргызстандын мыйзамдарына каршы иштеп жатат. Мындан улам фракция мүчөлөрү кенди иштетүү боюнча 2014-жылга карата тоо иштеринин планын бекитпөөнү жана өлкөнүн кызыкчылыктарын сактай албаганы үчүн “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Кылычбек Шакировду кызматынан четтетүү чечимин кабыл алды.

Буга чейин "Центерра Голд” компаниясы кыргыз өкмөтү Кумтөрдү иштетүү боюнча тоо-кен планын бекитпей жатканын билдирип, долбоор 13-июнга чейин бекитилбесе, кендеги ишти токтотоорун эскерткен болчу. Өкмөт өкүлдөрү болсо Кумтөрдөгү өндүрүштүн токтошу өлкө экономикасы үчүн абдан зыян алып келээрин белгилеп, бул маселе жакын арада чечилээрин билдирген.

Кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” ортосундагы келишимге ылайык, Кыргызстандын тиешелүү органдары жыл сайын кенди иштетүү боюнча техникалык долбоорду бекитип турушу керек.(BkA)

XS
SM
MD
LG