Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:09

Пакистанда Уламалар кеңеши "ариет үчүн" өлтүрүүгө тыюу салды

Пакистандын бейөкмөттүк уламалар кеңешине мүчө 50дөй аалым “ар-намыс үчүн өлтүрүүгө” каршы фатва чыгарды. “Кимде ким ариет намыс үчүн деп” аял өлтүрсө, ал үч кылмыш жасайт: Исламга жалган жалаа жабат, өлкөнү каралайт жана Жер бетинде тартипсиздикти жайылтат,” деп билдирди “Азаттык” радиосуна Уламалар кеңешинин төрагасы Хафиз Тахир Ашрафи.

Мындай фатваны чыгарууга 27-майда Лахор шаардык сотунун алдында 25 жаштагы Фарзана Парванды туугандарынын таш бараңга алып өлтүрүүсү түрткү берди. Фарзана өзү жактырган жигитке күйөөгө чыкканы үчүн өлтүрүлгөндө боюнда үч айлык баласы болгон.

1-июнда да Лахордун Сунни Итехад кеңешинин 30 чакты диниятчысы ар-намыс үчүн өлтүрүү Исламда жок экенин жарыя кылышкан.
​
XS
SM
MD
LG