Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:17

Рахат Алиев Австрияда камакка алынды


Президент Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиев Австрияда камакка алынды. Казакстан Алиевди эки банкирди уурдап, кийин өлтүргөн жана башка оор кылмыштарды жасаган деп күнөөлөп, 2007-жылдан бери өткөрүп алууну каалап жүрөт. Австрия полициясы 2011-жылы Алиевдин ишин өз алдынча тергей баштаган. Алиевдин адвокаты Манфред Айнедтер клиенти 5-июнда кечинде өзү полицияга барганын билдирди. Алиевди камакка алуу жөнүндө сот өкүмү май айында чыккан, ал “адам өлтүргөн жана адам уурдаган деп күнөөлөнөт”, -деди Айнедтер.

Австрия Алиевди өткөрүп берүү боюнча Астананын өтүнүчүн "сот адилет болбойт" деген негизде канааттандырган эмес. Нурсултан Назарбаевдин сынчысына айланган экс-күйөө бала ага каршы кылмыш иши саясий жүйөдөн улам козголгон деп актанып жүрөт.

XS
SM
MD
LG