Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:24

ИИМ мыйзамсыз сатылган имарат боюнча иш козгоду


Ички иштер министрлиги Мамлекеттик мүлк фонду, Бишкек шаардык жерге жайгаштыруу башкармалыгы жана Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы Транспорт инспекциясы аралашкан коррупциялык иштин бетин ачканын жарыялады. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган мамлекеттик мекемелер 2006-жылы Транспорт инспекциясына караштуу 2 кабаттуу имаратты «Оргтехстрой» ишканасына өткөрүп берген. «Оргтехстрой» бул имаратты ижарага берип, ай сайын 250 миң сомдон пайда көрүп турган. Мунун айынан мамлекеттик казынага 11 миллион сомдон ашык зыян келген.

Ички иштер министрлиги бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесине (Коррупция) ылайык иш козгоду. Учурда тергөө жүрүп жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG