Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:24

Юнус-Бек Эвкуров: Украинада ингуштар да салгылашууда


Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарында согушуп жүргөн орусиячыл жикчилдердин арасында ингуш ыктыярчылар да бар. Бул жөнүндө Орусиянын курамындагы Ингушетия республикасынын президенти Юнус-Бек Эвкуров 5-июнда билдирди. Анын айтымында, Украинанын чыгышындагы козголоңчуларга 20-25 чамалуу ингуш кошулган. Алардын төрттө Украин армиясы менен салгылашта өлгөнү тууралуу маалымат бар, ыктыярчылар Ингушетиядан эмес, Орусиянын башка аймактарына барып, ошол жактан кеткен деди Юнус-Бек Эвкуров.

Украин маалымат булактары орусиячыл эрегишчилердин катарында чечендер, ингуштар жана осетиндер бар экенин маалымдашкан.

Донецктен чыгыштагы Мариновка шаарындагы салгылашууда орусиячыл 12 жикчил жок кылынганын 6-июнда Украинанын чек ара кызматы маалымдады.

XS
SM
MD
LG