Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:48

Кадамжайлык дыйкан той ордуна көпүрө салдырууда


Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Сырт айылынын тургуну Назирбек Ысаков тойго сарптай турган акчасын айыл көпүрөсүнүн курулушуна кошту.

“Үч уулума сүннөт кылмак элем. Бирок, ага корочу 450 миң сомду айылдагы сел алган көпүрөнү курууга жумшоону чечтим. Азыр көпүрөнүн курулушу аяктар алдында турат”, - деди Н.Исаков.

Анын туугандары да тойго кошумча акчасын көпүрөгө жумшаган. Назирбек Исаков 30 жашта, айылда дыйканчылык менен эмгектенет. (ErN)

XS
SM
MD
LG