Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:59

Раатбек Санатбаевди эскерүү мелдеши жыйынтыкталды


7-июнда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону, маркум Раатбек Санатбаевди эскерүүгө арналган VI эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды.

Эки күнгө созулган турнирде Борбор Азия жана Орусиянын эки жүздөй балбаны күч сынашты:

59 кг. Арсен Эралиев, Кыргызстан.
66 кг. Атай Койчукулов, Кыргызстан.
71 кг. Эсенгелди Кожобек уулу, Кыргызстан.
75 кг. Самат Шырдаков, Кыргызстан.
80 кг. Бесики Салдадзе, Өзбекстан.
85 кг. Азат Бейшебеков, Кыргызстан.
98 кг. Аман Токтогонов, Кыргызстан.
130 кг. Мурат Рамонов, Кыргызстан.

Белгилүү балбан Раатбек Санатбаев 1969-жылы 7-майда Жалал-Абад шаарында туулган. Спорт менен 22 жыл машыгып, Кыргызстанды дүйнөгө, Азияга тааныткан. Грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону болуп, Азия оюндарында эки ирет күмүш байге уткан. Дүйнө чемпионатынын коло байгесине арзыган. 2006-жылы буйуртма менен өлтүрүлгөн. (КМа)

XS
SM
MD
LG