Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:32

Баткен: эң алыскы айылга тез жардам унаасы берилди


Баткен облусунун түштүк-батышындагы эң четки Ак-Суу айылына тез жардам унаасы Эл аралык Кызыл Чырым Комитети тарабынан берилди.

Бардык жабдуулары менен камсыздалган тез жардам унаасы Ак-Суу үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу тарабынан 5 миңден ашуун кишини тейлемекчи. Айыл тоо арасында, райборбордон 30 чакырым алыс жайгашкан.

Эл аралык Кызыл Чырым Комитети өткөн жылы айылдык медициналык тейлөө борборун капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп берген эле. (JsA)

XS
SM
MD
LG