Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:46

БУУ: Анбардан 480 миң киши качууга мажбур болду


Соңку айларда Ирактын Анбар провинциясында жүрүп жаткан куралдуу жаңжалдардын айынан 480 миңдей киши үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болгонун Улуттар уюмунун Качкындар комиссариаты билдирет. Бул уюмдун өкүлү Адриан Эдвардс жума күнү Багдада туруп, Ирактын бийликтеринин эсептөөсү боюнча 434 миң киши жер которууга мажбур болгонун айтты.

Улуттар уюму март айында эл аралык коомчулукка кайрылып, Анбар провинциясындагы кризиске баткандарга жардам берүү үчүн 19 миллион евро бөлүүнү өтүнгөн. Эдвардстын айтканына караганда, тилекке каршы, ал каражаттын 12% гана топтолду.

Өткөн жылдын декабрында Рамади шаарынын жанында коопсуздук күчтөрү нааразылыкка чыккан сунниттердин лагерин бузгандан кийин Анбарда кырдаал курчуган. Андан көп узабай диний радикал топтор Фаллужа шаарын жана Рамадинин бир катар райондорун ээлеп алган.

32 миллион калктуу Анбар - Ирактын эң чоң провинциясы. Багдадды Сирия менен туташтырган кан жол Анбар провинциясы аркылуу өтөт.

XS
SM
MD
LG