Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:59

Рамадиде согушкерлер ондогон студенттерди барымтага алды


Полициянын маалыматына караганда жергиликтүү университетке чабуулду «Ал-Каида» тобунан бөлүнгөн сунниттердин «Ирак жана Левантедеги Ислам мамлекети» деп аталган радикалдык топтун мүчөлөрү жасаган.

Куралчан согушкерлер университеттин бир нече кароолчусун өлтүрүп, окуу жайдын ичине киришкен. Университеттин имаратын шаардын башка бөлүгү менен туташтырган көпүрө жардырылды. Окуу жайдын тегерегин коопсуздук күчтөрүнүн атайын отряды курчап турганы кабарланды.

«Ирак жана Левантедеги Ислам мамлекети» тобу жыл башынан бери Фаллужа жана Рамади шаарларын, Анбар провинциясын ээлеп турат.

Соңку айларда Ирактын Анбар провинциясында жүрүп жаткан куралдуу жаңжалдардын айынан 480 миңдей киши үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болгонун Улуттар Уюмунун Качкындар комиссариаты билдирет.

32 миллион калктуу Анбар - Ирактын эң чоң провинциясы. Багдадды Сирия менен туташтырган канжол Анбар провинциясы аркылуу өтөт.

XS
SM
MD
LG