Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:24

Президент Порошенко алгачкы жасала турган иштерди белгиледи


7-июнда бийликке расмий отурган Петро Порошенко Донбасстын калкына орус тилинде кайрылып, жакынкы күндөрү бул аймакка барып, тынчтыкты орнотууга көмөктөшөөрүн айтты. Жаңы бийликтер орус тилине чектөө койбойт, кошумча жумуш орундарын түзөт жана Донбасттын экономикалык абалын жакшыртат деп баса белгиледи.

Жаңы президент ошондой эле өлкөнүн чыгышындагы куралчан “бандиттер” менен сүйлөшүүгө барбайт. Ал эми оор кылмыш жасабаган ополченецтерге мунапыс берилээрин убада кылды. Киев Донбасстын жергиликтүү бийлик органдарына шайлоо өткөрүүгө даяр экендигин дагы айтты.

Инагурацияга катышкан Орусиянын элчиси Михаил Зурабов жаңы президенттин айтканы "үмүт арттырат" деп баалады.

Ишембиде Киевде өткөн инагурацияга 20дан ашуун өлкөнүн башчылары, анын ичинде Беларустун президенти Александр Лукашенко, Польшанын президенти Бронислав Коморовский, Литванын жаңы шайланган президенти Даля Грибаускайте катышты. Кошмо Штаттардан вице-президент Жо Байден башында турган делегация келди. Орусиянын президенти Владимир Путин ант берүү аземине чакырылган эмес.

XS
SM
MD
LG