Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:42

Вашингтон Молдовага финансылык жардам берет


АКШнын вице-президенти Жо Байден Украинанын жаңы президенти Петро Порошенконун Киевде өткөн инагурациясында Молдованын президенти Николай Тимофти менен кезикти. 7-июнда Ак үй билдиргендей, Вашингтон Молдовага сегиз миллион доллар кошумча финансылык көмөк көрсөтөт. Америка өкмөтү бул каражатты Молдованын "Европаны тандаган" багытын колдоого жана Кишиневдун сырткы күчтөрдүн таасиринен “коргонуусуна” берет.

Ак үй мындай финансылык колдоо буга чейин 3-мартта айтылган 2,7 миллион долларга кошумча болоорун билдирет. Үстүбүздөгү жылы Кишиневге берилген америкалык финансылык жардамдын жалпы көлөмү 31 миллион долларга барабар.

XS
SM
MD
LG