Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:34

Көлбаев абактан бүгүн таң эрте бошотулду


Кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү атыккан Камчы Көлбаев абактагы жаза мөөнөтү аяктаганына байланыштуу бүгүн, 8-июнда таң эрте эркиндикке чыгарылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

Көлбаев кылмыштуу топ түзгөн, курал жана маңзат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, адам уурдаган деп айыпталып 2012-жылдын декабрында камалган. Бирок жабыркагандар менен күбөлөр тергөөдө Көлбаевге каршы берген көрсөтмөлөрүнөн сотко келгенде баш тартып, айрым айыптар кыскарган.

Быйыл 14-майда Жогорку Сот Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырган. Ага чейин шаардык сот Көлбаевди 3 жылга эркинен ажыраткан эле. Жаза мөөнөтүн ал Бишкектеги №47 абакта өтөп жаткан.

Өткөн аптада АКШнын Мамлекеттик департаментинин эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы программасы Камчы Көлбаевдин кылмыштуу схемасы жөнүндөгү маалымат үчүн бир миллион доллар сыйлык жарыялады. (UEz)

XS
SM
MD
LG