Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:44

Ооганстанда катуу селден кийин 200 киши дайынсыз


Өлкө түндүгүндөгү төрт кыштактын тургундары эки күн мурда жүргөн катуу селден кийин жоголгон адамдарды табуунун айласын көрүүдө. Сел эки миңдей турак-жайды шыпырып, адамдарды алып кеткен. Миңдеген адамдар үй-жайын таштай качкан.

7-июнда Баглан провинциясында Гузаргах-Нур кыштагында 75 сөөк табылганын ооган бийликтери билдирет. Эки жүздөй кишинин дайыны белгисиз. Алардын көбү ылайдан тургузулган үйлөрдүн алдында калган болушу керек деген кооптонуу айтылууда.

Ооган президенти Хамид Карзайдын администрациясы селден жабыр тарткан үй-бүлөлөргө чукул жардам жеткирүүгө тапшырма берилгенин билдирет. Тамак-аш, дары-дармек, жууркан жана чатырлар тик учак менен жеткирилүүдө. Провинциянын жетекчилери табигый кырсыктын кесепети оор экенин айтууда.

XS
SM
MD
LG