Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Египетте жаңы президенттин инаугурациясы өттү


Абдел Фаттах Саид Хусейн Халил ас-Сиси
Абдел Фаттах Саид Хусейн Халил ас-Сиси
Каирде мурдагы коргоо министри Абдел Фаттах ал-Сиси президенттик кызматка киришип ант берди. Салтанаттын расмий бөлүгү Конституциялык сотто өткөндөн кийин президенттин «ал-Иттихадия» сарайында чет элдик жогорку даражалуу меймандарды кабыл алуу болду. Инаугурацияга Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин катышты.

26-28-майда өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы боюнча Сисиге 97% шайлоочу добуш берген. Бир жыл мурун Сисинин жетекчилиги менен жалпы элдик шайлоо аркылуу президенттикке келген исламчыл лидер Мухаммед Мурси бийликтен кулатылган.

60 жаштагы фельдмаршал Абдел Фаттах Саид Хусейн Халил ас-Сиси Египеттин алтынчы президенти 27-мартка чейин өлкөнүн жогорку аскер командачысы, Куралдуу күчтөрдүн жогорку советинин төрагасы жана премьер-министрдин орун басарынын кызматын ээлеп турду.

Учурда Египетте тыюу салынган, Мурсини колдогон “Мусулман агайындар” кыймылы бул жолку президенттик шайлоону бойкоттоду. Исламчыл кыймылдын миңдеген жактоочулары камакка алынып, бир нечеси өлүм жазасына тартылды.

XS
SM
MD
LG