Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:27

Алай соту Келдибековдун тарапкерлерине тыюу салды


Алай райондук соту абактагы депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлеринин топтолушуна тыюу салган чечим чыгарды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Райондук прокуратуранын 5-июнда берген арызын сот 6-июнда канааттандырды. Соттун бул чечимин нааразылык акциясын уюштургандарга жеткирүү тапшырмасы тиешелүү мекемелерге берилди.

Ал арада нааразылык акциясы дагы эле уланууда. Жол тоскондордун башында турган Керим Сарыбашев аларга эч ким келе электигин "Азаттыкка" бүгүн билдирди:

- Бизге эч ким келип мынчасына мындай күнөө коюлду деп айта элек. Болгону Ош шаарынан атайын даярдыктагы отряд келет экен деген чочуткан маалымат келип жатат.

Ош облустук прокуратурасы буга чейин козголгон үч кылмыш иши боюнча иликтөө жүргүзүүдө. Жол тоскондорго карата "өзүм билемдик", "ээнбаштык" жана "бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү" беренелери боюнча кылмыш иштери козголгонун "Азаттыкка" Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирген.

Парламенттеги оппозициячыл Акматбек Келдибековду бошотуу талабы менен анын тарапкерлери 27-майдан бери Алайда Ош - Эркеч-Там жолун бууп турат. (SA/EzK)

XS
SM
MD
LG