Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:31

Косоводо парламенттик шайлоодо бийликтеги партия жеңди


Премьер-министр Хашим Тачи башында турган Косовонун демократиялык партиясы 8-июнда өткөн шайлоодо жеңишке жетишкенин жарыялады. Тачи шайлоо учурунда буларды билдирди:

- Мен Косовонун жарандары жана саясий спектри Косоводо демократиялык жараян өнүгүп баратканын кабарлайт деп толук ишенем. Бирок бул атаандаштык. Ошондуктан мен “жаңы миссияга” добуш бердим.

Маалыматка караганда, Тачинин партиясы оппозициялык "Косовонун демократиялык лига" партиясынан бир аз гана артыкчылыкка ээ болгон. Мөөнөтүнөн мурун болгон шайлоого 43% гана шайлоочу катышкан. Шайлоонун жыйынтыгы менен Хашим Тачи үчүнчү ирет өкмөт башчылыкка шайланарын айтылууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG