Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Түштүк аймактарда милиция күчөтүлгөн тартипке өттү

Оштогу коогалуу күндөр, 11-июнь, 2010.
Оштогу коогалуу күндөр, 11-июнь, 2010.
Июнь коогалаңынын 4 жылдыгына байланыштуу милиция кызматкерлери бүгүндөн тарта Ош шаарында жана Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында күчөтүлгөн тартипте иштей баштады Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, өзгөчө Ош шаарында милиция кызматкерлери 12-июнга чейин коомдук тартипти сактоодо күчөтүлгөн режимде иштейт. Бул үчүн жетиштүү сандагы тартип сакчылары тартылды.

Мындан төрт жыл мурда, 11-июнда Ош шаарында кыргыз-өзбек жаштарынын ортосунда тутанган жаңжал улут аралык чоң чатакка айланып кеткен. Июнь коогасы деген ат менен тарыхта калган бул чатакта 400дөн ашуун адам курман болуп, жүздөгөн кишилер жаракат алган. (UEz)
​
XS
SM
MD
LG