Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:04

Алтайда суу каптоодон улам миңдей киши көчүрүлдү


Алтайдагы суу ташкын
Алтайдагы суу ташкын
Орусиянын Алтай крайын суу каптап, акыркы 24 саат ичинде миңдей киши эвакуацияланды. Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, 5 райондо 1 жарым миңдей турак үй жана дээрлик 2 миң көмөкчү чарба суу астында калды. Айрым жерлерде дүйшөмбү күнү суу тартыла баштаганы кабарланууда.

Бирок Чукул кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Барнаул шаарында абал кооптуу бойдон кала бергенин эскертти. Чөлкөм жетекчилиги табигый кырсыктын чыгымы 40 миллион долларга жетет деп ырасташууда.

Суу ташкындан 230 километр жол жана 27 көпүрө талкаланды.

XS
SM
MD
LG