Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:07

Аба ырайы


Шашылыш билдирүү

2014-жылдын 9-10-июнунда нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

10-июнда айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл кылаасында секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:


Чүйдө түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29
Талас облусунда түнкүсүн, 8…13, күндүз 24…29
Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында түнү 10…15, күндүзү 23…28
Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндүү аймактарында түнү 11…16, күндүзү 25…30 жылуу болот.
Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнү 3…8, күндүзү 18…23
Нарындын дыйканчылык аймактарында да ушундай эле аба ырайы сакталат.

Бийик тоолуу райондордо: түнү -2…-7 градус суук, күндүзү 0…5 градус жылуу.

10-июнда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 13…15°, күндүзгү жогорку температурасы 27…29° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG