Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:50

АКШ жана ЕБ өкүлдөрү Иран делегациясы менен жолугушууда


Женевада АКШ жана Евробиримдиктин өкүлдөрү Ирандын дипломаттары менен тикелей сүйлөшүү башташты. Ислам жумуриятынын тышкы иштер министринин орун басары Аббас Аракчи айтканына караганда, эки күндүк жолугушууга шаркеттин саясий директору Хелга Шмидт жана тышкы саясат боюнча жетекчиси Кэтрин Эштон катышмакчы.

Вашингтон өткөн жылы Тегеран менен тымызын сүйлөшүү жүргүзгөн топту кайрадан чогултуп жатканын буга чейин билдирген. Ал сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Ирандын ядролук программасы боюнча утурумдук келишимге жетишилген. АКШ делегациясын Мамлекеттик катчынын орун басары Уильям Бөрнс жана башка жогорку өкүлдөр камтыйт.

16-июнда болсо Венада Иран жана 6 державанын сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасы өтөт. Анын катышуучулары 20-июлга чейин жаңы келишимге жетишүү аракетин көрүшмөкчү.

XS
SM
MD
LG