Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:02

Жалал-Абадда июнь коогасында курман болгондорго эстелик орнотууну өтүнүштү


Жалал-Абаддагы коогалуу күндөр, 17-июнь, 2010
Жалал-Абаддагы коогалуу күндөр, 17-июнь, 2010
2010-жылдын июнь коогасында жабыр тарткандардын 15 өкүлү бүгүн өкмөттүн обулустагы өкүлү Жусупжан Жээнбеков менен жолугушту. Алар жолугушууда июнь каргашасында шейит кеткендерди эскерүүнү өтүнүшкөнүн "Ата-Журтту коргогон баатырлар" аттуу коомдук уюмдун төрайымы жана ошол жылы 13-июнда Жалал-Абад шаарынын чет жакасындагы Таш-Булак айылында дайынсыз жоголгон Акыл Мурзаевдин энеси Марсиана Мамаева билдирди.

Жабырлануучулар мындан төрт жыл мурун Жалал-абад шаарында болгон улут аралык жаңжалда каза болгондорго өзүнчө эстелик тургузуу маселесин козгошту. Өкмөт өкүлү Жусуп Жээнбеков июнь коогасында каза болгондорду эскерүү 12-июнда өтө турганын айтканын облбийликтин маалымат катчысы Жолдошбай Осмонов маалымдады.

Жалал-Абад облусунда июнь каргашасында 96 адам өлүп, төрт адам дайынсыз жоголгон. 2010-жылдын 11-июнуна караган түнү Ош шаарында башталган чатак улут аралык чоң жаңжалга айланып, анын эпкини кошуналаш Жалал-Абад облусуна да жеткен. (YA)

XS
SM
MD
LG