Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Ооганстанда тажикстандык согушкерлер кармалды


Тажик-ооган чек арасындагы көпүрө.
Тажик-ооган чек арасындагы көпүрө.
Ооганстан маалымат каражаттары Кундуз вилайетинде теги тажикстандык 2 талип согушкери кармалганын кабарлашты. Полиция өкүлү Саид Сарвар Хусайни биздин кабарчыбызга билдиргенине караганда, Комил жана Умар аттуу эки киши бүгүн түн ичинде жергиликтүү коопсуздук күчтөрү тарабынан колго түшүрүлдү. Хусайнинин айтымында, алар улуту өзбек Тажикстан жарандары экенин, Ооганстанга Орусиядан келишкенин өздөрү айтып беришкен. Алар менен чогуу жүргөн үчүнчү согушкер – Пакистан жараны курчоого алынганда өзүн-өзү жардырып жиберген.

Өткөн аптада тажик бийликтери Тажикстан жараны Ооганстан менен чек арадан өтүүгө аракет кылган учурда кармалганын билдирген. Маалыматка ылайык, ал Ооганстандагы Талибан согушкерлерине кошулууну көздөгөн.

XS
SM
MD
LG