Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:45

Алматы – Тамчы – Алматы аба каттамы ачылат


Тамчыдагы Ысык-Көл эл аралык аэропорту.
Тамчыдагы Ысык-Көл эл аралык аэропорту.
Казакстандык "Бек Эйр" авиаишканасы 3-июлдан тарта Алматыдан Ысык-Көлгө жумасына эки ирет уча баштайт. Бул тууралуу саякат агенттиктери кабарлашты. Алматы – Тамчы – Алматы авиа каттамы дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү таңга маал аткарылат.

Казак туристтерин тейлеген чартердик рейсти жүз жүргүнчү оруну бар голландиялык Фоккер–100 учагы ишке ашырат. Жол кире баасы – эки тарапка 180 доллардан. Алматы менен Тамчынын учуу аралыгы 89 чакырым. Учуу убактысы – жарым саат. Алматы – Тамчы – Алматы авиарейси 28-августка чейин учат.

Мындан сырткары, Орусиянын Новосибирск шаарынан Тамчыга түз аба каттамды ачуу каралууда. Былтыр Ысык-Көлгө Казакстандын СКАТ авиакомпаниясы Алматыдан ЯК–42 учагы жана кыргызстандык "Скай Бишкек" Жалал-Абаддан СААБ–340А самолёту каттап турган. (BAz)

XS
SM
MD
LG