Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:51

Мамбетов: Чоң Наманган каналы Өзбекстан үчүн маанилүү


Базарбай Мамбетов
Базарбай Мамбетов
Учурда кыргыз өкмөтү убактылуу жабылышы мүмкүн деп жаткан Жалал-Абаддагы Үч-Коргон ГЭСинен агып чыккан Чоң Наманган каналы Өзбекстандын Наманган облусунун 4 районун суу менен камсыздайт. Мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов андыктан бул Өзбекстан үчүн өтө маанилүү экенин "Азаттыкка" билдирди:

- Аталган канал 2000-жылдын март айында бир жумага жабылган болчу. Ошондо өзбек тараптын делегациясы эки күндө Бишкекке жетип келген. Андыктан каналдын жабылышын өзбек тарапка жакшылап түшүндүрүш керек. Ал учурда өзүбүзгө суу жетпей жатат деген негизде жабылган.

Коомчулукта болсо каналды жабуу аракетин Өзбекстан Ошко газ берүүнү токтотуп, кепке келбей жатышына кыргыз тараптын жообу катары баалагандар да жок эмес. Бирок расмий тараптар андай божомолду четке кагууда.

Бүгүн кыргыз өкмөтүнүн коопсуздук боюнча вице-премьер-министри Абдрахман Маматалиев оңдоо иштерине байланыштуу Чоң Наманган каналы убактылуу жабылышы мүмкүндүгүн, бул жерде Өзбекстан менен тирешүү сыяктуу саясий оюндар жоктугун айтып чыккан.

Аталган каналдан секундуна 35 метр куб суу агат. Анын 30ун өзбек, 5ин кыргыз тарап пайдаланат. Маалыматтарга таянсак, Чоң Намангандын толук кубаттуулугу секундуна 60 метр кубду түзөт. (UEz/SM)

XS
SM
MD
LG