Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:57

Бишкектеги ээси жок жарнама мамылары бузулат


Борбордогу ээси жок каралбай калган жарнама мамылары бузулуп, алардын ижара келишими мындан кийин узартылбайт. Бул маалыматты мэриянын маалымат катчысы Салия Борбиева кабарлады. Маалыматка таянсак, борбор калаадагы мындай жарнама мамылары эскилиги жетип каралбай калган жана шаардыктар үчүн өтө кооптуу. Буга чейин бир адамды мамы басып каза тапкан. Ошол себептүү ээси жок, каралбай калган мамылар демонтаж кылынат.

Учурда 13 мамынын ээси жок экени аныкталган. Ар бир мамыны алып салууга 15 мин сом каражат кетет.

Жарнама мамысын орноткусу келгендер буга чейин мэриянын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгынан жерди ижарага алып келген. Мындан кийин мөөнөтү бүткөн ижара келишимдери узартылбайт. (UEz)

XS
SM
MD
LG