Иран жана Түркия президенттери бүгүн Анкарада жолугушту. Хасан Роухани менен Абдулла Гүл эки өлкө ортосундагы экономикалык алакаларды талкуулашты. Президенттер сооданы эки эсеге көбөйтүп, жылдык көлөмүн 30 миллиард долларга жеткирүү тууралуу макулдашты. Роухани сүйлөшүүдө регионалдык коопсуздук маселеси да козголгонун билдирди.
Түркия менен Ирандын мамилелери Сириядагы жаңжалдан улам салкындай түшкөн. Анкара куралдуу оппозицияны колдосо, Тегеран президент Башар Асад тарапта. Эки күндүк визит маалында Иран президенти түрк премьер-министри менен да жолугушмакчы.