Сирияда исламчыл козголоңчулардын ортосунда чыккан атышууда 45 киши окко учту. Сириядагы адам укуктарына көз салган уюмдун маалыматына ылайык, "Ирак ислам мамлекети" деген уюмдун согушкерлери жана "ал-Кайида" менен байланыштагы эрегешчилер тобу жана башка козголоңчулар 8-9-июнь күндөрү Хошам деген шаарда кагылыша кетти.
Оппозиция өкүлдөрү радикал исламды карманып, жайкын тургундарга кол салган "Ирак ислам мамлекети" тобу менен жыл башынан бери кармашып келатат. Кээ бир маалыматтарга караганда, Асад режимине каршы күрөшкөн козголоңчулардын ички уруштарынан 6 миңдей согушкер набыт кеттти.