Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:57

Сербия "Түштүк агым" газ долбоорунан чыгышы мүмкүн


Сербия “Түштүк агым” газ куурун салуу долбоорунан чыгууга аргасыз болушу ыктымал. Ага чейин Болгария өз аймагындагы иштерди токтотуп жатканын жарыялаган.

Сербиянын вице-премьер-министри Зорана Михайловичтин айтымында, Белград София, Евробиримдик жана Москванын Орусиянын газ кууру боюнча сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгын күтөт. Ал долбоор орус газын Европага Украинаны кыйгап өткөн жол менен жеткирүүнү көздөйт.

Бирок ИТАР-ТАСС агенттиги Сербиянын премьер-министри Александр Вучичтин расмий чечим кабыл алына элек деген сөздөрүн келтирет.

XS
SM
MD
LG