9-июнда Түркияга келген Хасан Роухани түрк президенти Абдулла Гүл, өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушуп, эки өлкөнүн экономикалык кызматташуусун чыңдоону сүйлөштү. Тегеран менен Анкара Сирия жаңжалында карама-каршы позицияда турушат. Иран Сирия президенти Башар Асадды колдосо, Түркия куралдуу оппозицияны колдоп келатат. Буга карабай эки өлкөнүн лидерлери Жакынкы Чыгышта кан төгүүлөрдү токтотуу жана экстремизмге каршы күрөшүүнү макулдашкан. (AiT)