Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:54

Атамбаев: Аралаша жашагандан башка жолубуз жок


Алмазбек Атамбаев июнь коогасынын эки жылдыгын эскерүү иш-чарасында, Ош, 10-июнь, 2012.
Алмазбек Атамбаев июнь коогасынын эки жылдыгын эскерүү иш-чарасында, Ош, 10-июнь, 2012.
Президент Алмазбек Атамбаев 2010-жылдагы июнь коогасынын 4 жылдыгына карата өлкө калкына кайрылуу жолдоду. Анда төрт жыл мурда өлкө бүтүндүгүн, эл биримдигин жарып, мамлекетти жок кылуу аракети болгону, ал күндөрдү эстегенде жүрөк сыздаары айтылат. "Ошол күндөрдө элдин даанышмандыгы, сабырдуулугу өрттү өчүрүүгө себеп болду. Карапайым эл бири-бирин тыйып, кандуу кагылышка бөгөт койду. Кыргыздар өзбектерди, өзбектер кыргыздарды үйүнө катып, жүздөгөн өмүрлөр сакталды. Кыргыздар менен өзбектер аралаш жашаган көчө, конуштарда жаңжал жайылышына жол берилген жок. Демек, биз аралашып, биргелешип жашоодон башка жолубуз жок", - дейт өлкө башчысы.

Кайрылууда жаңжалдан кесепеттерин жоюуга мамлекет тарабынан олуттуу чаралар көрүлгөнү, эл аралык уюмдардан түшкөн 6 миллиард сомдон тышкары, республикалык бюджеттен кошумча 6 миллиард сом жапа чеккен аймактарга бөлүнгөнү, жүз миңдеген чарчы метр турак-жайлар курулуп, миңдеген объектилер калыбына келтирилгени да белгиленген.

Президент кайрылуусун: "Кайгылуу окуяларды унутууга биздин акыбыз жок. Ал окуялар бардыгыбыз үчүн чоң сабак болууга тийиш. Каргашалуу окуялар мындан ары эч качан Кыргызстанда кайталанбасын!" - деп жыйынтыктайт.

Бүгүн Ош менен Жалал-Абадда төрт жыл мурдагы кандуу окуяларды эскерген иш-чаралар өтүүдө. 2010-жылдын 11-июнуна караган түнү Ош шаарында тутанган чатак улут аралык чоң жаңжалга айланып кеткен. Расмий маалыматтарда бул каргашадан 426 киши курман болуп, 35 киши дайынсыз жоголгону, дагы жүздөгөн кишилер жаракат алганы айтылып келет. (SM)

XS
SM
MD
LG