Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:23

Украина, Орусия жана ЕБнын газ боюнча сүйлөшүүсүнөн натыйжа чыккан жок


Кечээ Брюсселде өткөн жолугушууда тараптар бир мунасага келишкен жок. Сүйлөшүүлөр шейшемби кечинде, же шаршембиде кайра уланаарын Евробиримдиктин энергетика боюнча комиссия жетекчиси Гюнтер Эттингер билдирди.

Орусия сунуштаган газдын арзандатылган жаңы баасына Украина макул болгон жок. 10-июнда “Газпром” ишканасы Украинага карызды кайтаруу үчүн берген мөөнөт аяктайт.

Москва Киевден өткөн жылдын ноябрь-декабрь айлары үчүн 1,5 миллиард долларга жакын жана апрель-май айлары үчүн 500 млн. доллар карызын төлөөнү талап кылууда.

Мындан мурда үч тараптуу сүйлөшүү 2-июнда Брюсселде өткөн. Анда тараптар көгүлтүр от берүүнү токтотпоону жана эл аралык сотторго кайрылбоону макулдашкан.

XS
SM
MD
LG