Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:15

Лондондо жаңжалдардагы зордуктоого каршы саммит башталды


Бүгүн Британиянын борборунда куралдуу жаңжалдар маалында сексуалдык зордуктоого каршы күрөшүү боюнча глобалдык саммит ачылды. Иш-чара британ тышкы иштер министри Уильям Хейг жана БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссариатынын атайын чабарманы, белгилүү актриса Анжелина Жолинин жетекчилиги алдында өтөт. Саммитке АКШ Мамкатчысы Жон Керри дагы катышаары кабарланды.

Жыйындын башкы максаты - жаңжалдарда сексуалдук зордуктоого каршы дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруу жана мындай кылмышкерлерди жазасыз калтырууну токтотуу, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чакыруу.

Төрт күнгө созулчу саммитке 100дөн ашык өлкөнүн расмийлери, эл аралык, бейөкмөт уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү, юридикалык, аскердик, гуманитардык суроолор боюнча эксперттер катышат.

XS
SM
MD
LG