Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:29

ТИМ: Турдукуловду кызматка дайындоо сот чечими менен болду


Адил Турдукулов, "Прогресс" коомдук фондунун жетекчиси.
Адил Турдукулов, "Прогресс" коомдук фондунун жетекчиси.
Тышкы иштер министрлигинен "Азаттыкка" "Прогресс" коомдук фондунун жетекчиси Адил Турдукуловду кызматка дайындоо соттун чечими менен болгонун билдиришти. Маалыматка караганда, 2011-жылы Турдукулов Жапониядагы кыргыз элчилигинен кызматтан бошотулган. Бирок ал бул чечимге каршы сотко кайрылган. Сот болсо аны кайра жумушка алууга министрликти милдеттендирген.

Адил Турдукулов болсо Тышкы иштер министрлиги макулдашпай жана ага айтпай туруп, Казакстандагы элчиликтин экинчи катчылыгына дайындап салганын, бирок ал аталган кызматка баруудан баш тартканын айтууда:

- Бул жерде алар менин дипломаттык шыгыма муктаж болгон жок, тескерисинче мени бийликке карата сын-пикирлерин токтотсун деген мааниде дайындашты окшойт деп божомолдоп жатам. Бирок мени кызматка дайындоо сунушуна макул болгон жокмун.

Адил Турдукулов 2011-жылдын май айында чыккан сот чечимине министрлик үч жылдан кийин гана көңүл буруп жатканы таң калыштуу экенин да кошумчалады.(ZB/SM)

XS
SM
MD
LG