Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:48

ЖК комитети кумсалардын мамилесин чагылдырууга тыюу салууну жактырды


Бүгүн парламенттин мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитети бирдей жыныстагы адамдардын мамилесин жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырууга тыюу салууну көздөгөн мыйзам долбоорун карап, бир добуштан жактырды.

Комитет мүчөсү, депутат Курманбек Дыйканбаевдин айтымында, өлкөдө кумсалардын саны акыркы жылдары кескин өсүп баратат:

- СПИД борбору уюштурган семинарда Кыргызстанда 35 миңдей кумса бар экени айтылды. Бул эми биздин салттуу үй-бүлө институтуна каршы келет.

Комитет жыйынында дагы бир депутат Нарынбек Молдобаев кумсалар азыркы өкмөт курамында, мамлекеттик маалымдоо каражаттарында да да бар экенин айткан.

Деген менен өкмөт жана бир катар эл аралык уюмдар аталган мыйзам долбоору адам укуктарына каршы келээрин айтып, эл өкүлдөрүн бул долбоорду колдобоого үндөп келишет. (UEz)

XS
SM
MD
LG